super.kg logo

Австралиялыктар 2040-жылы боло турган "акылдуу үйлөрдүн" сүрөттөрүн көрсөтүштү

 

Австралиянын Сидней шаарында кыймылсыз мүлктөрдүн сүрөт көргөзмөсүндө 20 жылдан кийин адамдар кандай "акылдуу үйлөрдө" жашап калары да чагылдырылган. Чет элдик маалымат булактарындагы кабарларга ылайык, анда сиздин дем алууңуз, жүрөгүңүздүн согушунан бери көзөмөлгө алып турган матрастардан тартып сизге кандай кийим жараша турганынан бери көрсөтүп бере турган күзгүлөр болот.

Сүрөт көргөзмөгө жайгаштырылган эмгектерде көрсөтүлгөндөй, үйдүн атайын борбордук технологиялык системи болот. Ал үйдөн канча электр энергиясы короп жатат, бөлмөлөрдөгү температура, жашоочулардын күн тартиби, үйдүн коопсуздугу өңдүү бир катар нерселерди байкап тура алат.

Ал эми уктоочу бөлмөдөгү сиз жаткан матрас сизге тынч уйкуну камсыздап, сиздин дем алууңузду, бөлмөдөгү температураны көзөмөлдөйт. Ал сиздин абалыңызга байкоо салгандан тышкары сиз туруп кеткенде өзү иреттелет.

"Акылдуу ашкана" болсо сизге калбай калган азыктардын тизмесин түзүп берет. Тамактануучу стол тамак муздап калбашы үчүн аны жылытып турган кызматты аткарса, плитанын жанындагы панель сиз даярдап жаткан тамактын жасалуу ыкмасын көрсөтүп берет. Ашканага жайгаштырылган муздаткыч ичиндеги азыктардан эмне тамак даярдаса боло тургандыгын сунуштай алат.

Сүрөт көргөзмөдө конок үйү 5G кинотеатрына айлана тургандай сүрөттөр жайгаштырылып, анда үндөр бөлмөнүн бардык бурчунан, ал тургай сиз отурган креслодон да чыгары көрсөтүлгөн.

Дааратканалардагы түзүлгөн "акылдуу кызматтар" адамдардын дарыгерге каттоосун азайтат. Анткени сиздин ден соолугуңуздун абалын аныктай алган кызматтар орнотулат. Жуунуучу бөлмөгө орнотулган күзгүлөр сизге кандай макияж жараша тургандыгын сиз боёно электе эле тандап берет.

Аталган сүрөт көргөзмөгө келгендер "акылдуу үйлөрдүн" сүрөттөн чыгып, жашоого келишин кыялданышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
21.10.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соонунго
21.10.2017. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
40 60 жылдан кийинки жашоо биздеги
21.10.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок адамдын кыймыл аракети ойлоо жондому азайып тескерисинче адамдын ден соолугуна зыян
21.10.2017. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мынтсе жашоо кызыксыз болот да 2 3 жыл жашагандан кийин. Андан коро азыркы жашоо эле гайп го
21.10.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Isco23,Туура, жашоо ойдо ылдыйы менен кызык, баары даяр болуп турса кызыгы кетип калат
21.10.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Isco23, каййииф
21.10.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бозуйдо жайлоодо жатсан кымыз куурдак боорсок чай нан))))
21.10.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун го
21.10.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге да келсе соонун болмок.
21.10.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыр заман
21.10.2017. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мындан 20 жыл мурун ар бирининин колунда телефон, телефондун ичинде камера музыка видео камера болот дүйнөнүн булуң бурчу менен скайп аркылуу көрүп сүйлөшүүгө болот десе ишенмек тургай элестете албачубуз. Аман болсок акылдуу үйүн да корүп калабыз. Ошондо көрөм кызыгы кетип калат мен колдонбойм дегениңерди. телефондун акыркы моделин алганга жан талашкандай эле үйдү акыркы модел менен жасалгалоого аракет кылып калабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: