super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Күйөөм "менден да жакын көрөсүңөр" деп кайненемди кызганып кетет"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайненемдин жакшы жактары" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жаңы келин болуп келгенде коркуп, кээде туура эмес нерсе жасап алсам жаман ойлор да кетип калчу. Анткени ар ким кайненелери жөнүндө жаман айтып отуруп мээме сиңирип койгон экен. Ал эми азыр шүгүр айтам. Жаңы үй-бүлөгө келип эле көнүп кетүү кыйын да. Ошондо апам билбегенимди үйрөтүп, туура эмесин айтып колдоп турду. Үй иштерин да сөзсүз сен жасашың керек дебей, өзү да жумушуна кеткиче жасап, келгенде да аралашып жүрө берет. Жалгыз кызы бар, апамдын бир эки жолу атынан айтып алдым эле ага да унчуккан эмес. Өзүңдү кыйнап иш кылбай эс алып ал, уктап ал деп эле турат. Башка кайненелердей болуп бизге киришпейт. Ыңгайы келген жерде келинин мактай калат, эркелетет. Кайненелерибизден мындан артык мамиле керек эмес го дейм. Өмүр бою сыйлашып өткөнгө эмне жетсин".

"Кайненем жакшы адам. Башка абысындарым "сиз кантип тилин таптыңыз?" деп күлүшөт. Мага дайым чайыңды ич, көп-көп жечи, жылуу кийин деп эле күйүнө берет. Анан да баласы (күйөөм) урушуп калса мага өз кызындай жан тартат. Башка келиндерине мени мисал кылып эле айта берет. Себеби мен эртең менен турганда дайыма "эне, жакшы эс алып турдуңузбу?" деп сурап турам. Күйөөм "менден да жакын көрөсүңөр" деп кызганып кетет".

"Алтындай болгон кайненем бар, эч качан туура эмес кылган нерсемди көзүмө сайып көрсөткөн эмес. Өзүм бушайман болуп калсам "эч нерсе эмес, кийинкиси жакшы болот" деп коёт. Экөөбүз эки-үч саат деле сүйлөшүп отура беребиз. Уулумду жаңы төрөп, жолдошум Москвада жүргөн кезде бешикти ортого коюп алып түнкү 2-3төргө чейин кобурашып отура берчүбүз. Үстүңө, бутуңа жылуу кий деп турат. Алыста жүрөсүңөр өзүңөрдү карагыла деп көп айтат. Азыр да телефондо көп сүйлөшө берсек "кой, атаң урушат, келиниңдин акчасын көп кетирбе деди" деп күлүп калат. Жакында эле үйгө майда-чүйдө жибергенбиз, кийимдердин арасында бир тал чач жүрүптүр "ии, апаңардын чачы экен деп балдарыңды чакырып алыптырмын" дейт. Кайнатам "келиниңдин чачын да таанып алдыңбы?" деп күлдү дейт. Айтып берсе көзүмө жаш алдым. Өмүрүңүз узун болсун, көп жашаңыз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
22.10.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундай кайнэнелер кайда ия
22.10.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Anar_13-07-89.j,бар мындайлар да. Мисалы менин кайненем да мыкты аял
22.10.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Anar_13-07-89.j,Ошону айтсан. Келечекте мен да ушундай кайнене болгонго аракет кылам жана кудайдан коптон коп суранам келиним мыкты чыкса экен деп. Биринчи оо Кудайым мага эркек бала бере кор акылы ыйманы менен...
22.10.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Anar_19-07-89.Ал келинден да коз каранды келин сыйлап апа деп ысык чайын берип,
каяша айтпай сыйлап турса жаман кайнене да ичи жылып озгорот.
22.10.2017. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайнене чачин таанып алганы жакты.Ушундай жакшы кайненелер бпрбы????
22.10.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ураааа менин билдирүүм чыкканго. Оа кайненем АЛТЫН адам азыр чалсам күндө ыйлайт качан келесиңер,качан жаз болоооот мен сагындым деп
23.10.2017. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin kainenem dagy aityn, prosto supper, kabar alyp , neberelerin baarynan artyk korot , ar daiym kelgende, kolu bosh kelbei baldarga dep belekterdi alyp kelet,ozu byshyrgan totr je blinchik kotoro kelet.
23.10.2017. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kelin jaman emes bargan jeri jaman dep koiot go, tak chto baardyk nerse kaineneden bolot, jakshyna bolup ailanyp kagylyp ele tursa , kim ele jamandyk kylsyn.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: