super.kg logo

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыздын 100 миллион доллар жардамдан баш тартуу ниети боюнча жооп берди

 

Кыргыз Республикасы техникалык жардам боюнча Казакстан менен макулдашууну жокко чыгаруу ниети тууралуу расмий билдирүү берген жок. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ануар Жайнаковго таянып казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

"Биз Кыргыз өкмөтүнүн Казакстан менен макулдашууну жокко чыгаруу демилгеси жөнүндө жергиликтүү маалымат каражаттарынан окудук. Кыргыз тараптан бизге расмий маалымат түшкөн эмес. Мындан тышкары бул маселе эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын 18-октябрдагы жолугушуусунда көтөрүлгөн жок", - деди Жайнаков.

Буга чейин 17-октябрда Казакстандын каржы министри Бахыт Султанов Кыргыз Республикасы Казакстандан техникалык жардамдан баш тартуу боюнча билдирбегенин жазып чыгышты жергиликтүү ЖМКлар.

"Кыргыз тарап гуманитардык жардамдан зарылчылык жок болгондугунан баш тартканын билдирген. Ал эми 100 миллион доллар техникалык жардамдан бүгүнкү күнгө чейин эч кандай баш тартуу болгон жок. Биз республикалык бюджетибизден каражатты бөлүп берүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз", - деди Казакстандын каржы министри.

Айта кетсек, 2016-жылдын 26-декабрында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунун жана Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында макулдашууга кол коюлган. Тараптар бул макулдашууга буга чейин эле жетишкен, бирок документке кол коюу созулуп келген. Ага ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБге кирүүсү боюнча жол картасын каржылоого Казакстан 100 миллион доллар бермек. Бул акча Кыргыз жергесиндеги бажы инфратүзүмдөрүн, лабораторияларды модернизациялоого жана башка маанилүү иш-чараларга багытталыш керек болчу.

Кечээ, 20-октябрда Кыргыз Республикасы бул макулдашууну жокко чыгарганы жатканын SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештен билдиришкен. Бул маселе кийинки жумада башында аталган комитетте, андан соң парламенттин жалпы жыйынында каралмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
21.10.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Казак тарап ар нерсени озу убагында жасап оз убагында реакция жасап жооп берип жатышат, биздикилер болсо отурушат, коздорун алайтышып, кичине бекемирээк болгулачы
21.10.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми мындан хуже болот
21.10.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кантип эле кереги жок болуп калсын, керек болбосо сурабайт эле да кайырчыдай болуп сурап эле журобуз го, берип койсо жаш баладай суйунуп. Кереги жок болсо мага бергиле 100млн.го элди жумуш менен камсыз кыла турган ондуруш куруп, талаалап жургон кыргызымды оз олкосуно чакырайын.
21.10.2017. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
RusMos76, Биздикилер бул акча келсе ондуруш дегенди ойлобойт. Жол курат, ЖКга кресло компьютер алат. Башты айланткан ЕАЭС лабаротория жол карта быкы чыкы деп жешип алат. )
21.10.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
100мл жардам катары албай эле койгулачы озунордун чонтогунооду карасанар оной эле чыгат андай ака акчаны басып жата бербей
21.10.2017. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
АША кетээрде баржоктун кашасын чыгарып кетет окшойт
21.10.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акчадан ким баш тартат экен,ал акча барыбир мамлекетке ишьетилбейт,жеешет да.
21.10.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул акчаны алып Ашага бергилечи ойуна келгенин оттобосун.Жон журсун тынчыраак кетип калсынчы.
21.10.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Туура кылат Казактардын акчасына заар эмеспиз.Даже орустар жакында карызын калтырбай кечишет.Эмне унуттунарбы Кыргызстан Отунбаева 1 жыл калганы Атамбаевдин алты жылын онугуп Орусияда иш орундары тузулуп орустар менен тен укуктуу болуп кылмыштуулук бойунча биринчи орунда кедейчилик мамлекеттин тизмесине кирип.Сот милиция бийлике коз каранды соз эркиндиги жок!Демократ деген эле аты бар.Талаага жайнап кеттик Таза шайлоо оздору адамын койуп угуттоп Анысы ушул жети жылдын кочун улайт тажадык биз!
Azatbek83 түзөттү 2017-10-21 12:44:08
21.10.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Албай эле койгула биз толойбуз анан
21.10.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир аз тушунуп алып жазгылачы....Кыргызстан ЕАЭБге киргенде, казак тарап 100млн жардам беребиз деп соз берген!!! Ушул убака чейин ал акчасы болунгон эмес...ошол себептен баш тартты
21.10.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Берсен каадаланбай бер"- дегендей...ушул убака чейин акча тууралу ооз ачышкан эмес
21.10.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргыз тоболдору бекемирээк болушпайбы,качанга чейин бироонун алаканын карап жашайбыз?И так канчалаган кыргызым ар жерде нан издеп кор болуп журобуз.Ойлонуп иш кылгылачы.Жаман ичим ачышат.Биздин элге биз озубуз боорубуз оорубаса эчким ачынбайт.
21.10.2017. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайдын айтканы болот
22.10.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жардам дегенде унчукбай калышат да. Эч качан баш тартбай калдык го жардамдан
22.10.2017. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алжерден жегенге болбой калса керек да,Эми кимдер жеп жатса улап жейберишет,Кыркыз жолун улап жейт....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: