super.kg logo

Калифорнияда өрттөн коргонуу үчүн түгөйлөр 6 саат бассейнде турушкан

 

Түндүк Калифорнияда ушул жылдын 7-октябрында чыккан өрт бүтүндөй бир аймакты каптап, анда каза болгондордун саны 31ге жеткен. Өрттүн жалпы аянты 773 чарчы километрди түзгөн. Ошондой эле 3,5 миң имарат күйүп, 20 миңден ашык адам эвакуацияланган. Андан сырткары 100дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
Ушул апаатта качып кетүүгө үлгүрбөй, жалын ороп калган жерде аман калган түгөйлөр өрттөн кантип коргонгонун айтып беришкен.

Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, жергиликтүү жашоочулар 70 жаштагы Жон менен жубайы, 65 жаштагы Жен Паскону бул апаатта коңшусунун короосундагы бассейн сактап калган.

"Ошол учурда тегерегибиздин баарын жалын каптап жатты, качып кетүүгө да, жашырынып калууга да мүмкүн эмес эле. Үйлөрдүн баары күйүп, талкаланып жатты. Ушул кезде эсибизге коңшубуздун короосундагы бассейн келди. Анын ичинде суу көптөн бери алмаштырылбай, кирдеп, үстүнүн баары таштандыга толуп кеткендигине карабай экөөбүз бассейнге түшүп кеттик. Мындан тышкары оозу-мурдубузду ууланып калбаш үчүн таңып алдык", - дешкен түгөйлөр.

Алар улам-улам суудан денесин чыгарып, кайра сууга кирип 6 сааттай убакыт өткөн. Бактыга жараша, бассейн өтө терең эмес болгон. Алар 1 метрден бир аз ашкан тереңдиктеги бассейнден чыкканда айланасындагы бардык нерселер, өздөрүнүн үйү да эч нерсеси калбай күйүп бүткөн.

"Биз жетелешкен бойдон аман калганыбызга сүйүнүп тынч жакты көздөй жөнөдүк", - дешкен жубайлар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.10.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ана сага суйууу....суйуунун кучу
21.10.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Суйуубу билбедим, жанын аман алып калганына шугур, мындайда кайдагы суйуу
21.10.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
70 жаштагыдай корунбойт го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: