Ысык-Көлдөгү үйлөрдүн биринен Ата Мекендик согуш жылдарындагы пулемёт табылды
Ысык-Көл облусунда үйлөрдүн биринен Ата Мекендик согуш жылдарындагы пулемёт табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жүргүзүлгөн ок атуучу куралдарды текшерүү маалында жалпы мыйзамсыз сакталган 11 курал жана Сары-Жаз аймагында жайгашкан Чокмор-Таш кыштоосундагы үйлөрдүн биринен Ата Мекендик согуш маалындагы 1942-1943-жылдары чыккан "Судаев" үлгүсүндөгү мылтык-пулемёт табылган.
Чабандын айтымында, ал бул пулемётту таап алган жана дат басканын көрүп жарактан чыккан курал экен деп ойлогон.
"Бул факт боюнча баллистикалык экспертизанын жыйынтыгына жараша чара көрүлөт", - деп билдирди Усубакунов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

торпоктон ат деп.