super.kg logo

Америкалык ырчы Ники Минаж демөөрчү болгон Кыргыз студенти Сочидеги фестивалга катышып, сезимдери менен бөлүштү

 
Ники Минаж
Сочиде өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк жаштардын жана студенттердин фестивалына америкалык ырчы Ники Минаждын каржылык көмөгү менен катышып жаткан Акжол Медербеков сезимдери менен SUPER.KG порталына бөлүштү.

Акжолдун айтымында, 14-октябрдан 22-октябрга чейин өтө турган фестивалда жаштарга шык берүүчү көптөгөн иш-чаралар орун алган. Ага 180ден ашык өлкөдөн 20 миңге чукул жаштар келишкен.

"Фестивалдын ачылышы эң мыкты деңгээлде өттү. Анын максаты түрдүү улутту ынтымакка чакыруу болгондуктан иш-чаранын ачылышына арналган концертте глобалдуу маселелер чагылдырылды. Салтанаттын ачылышына Орусиянын белгилүү маданият өкүлдөрү Полина Гагарина, Сергей Лазарев, Дима Билан, америкалык "OneRepublic" поп-рок тобу жана башка дүйнөлүк атактуулар катышты. Ачылыш өтө кооз жасалгаланган сахнада, жогорку деңгээлдеги даярдыкта өттү. Фестивалдын алкагында түрдүү спорттук мелдештер, кызыктуу тренингдер, маданий иш-чаралар өтүп жатат", - дейт Медербеков.
Ал өзгөчө Ник Вуйчичтин мотивациялык тренингинен катуу таасир алып, мындан ары да ийгиликтерге жетишүүгө шыктанып жатканын кошумчалады.
"Олимпиада чемпиондору менен маек болду. Владимир Жириновский, Сергей Лавров жана башка дипломатия, маданият, спорт, бизнес тармагындагы таанымал адамдар менен жолугушуудан фестивалга келген ар бир жаш студенттер сабак алды. Бул жерде кыргыз элинин маданиятына да кызыккандар көп, улуттук "Кара жорго" бийин чет элдиктер жактырып бийлеп жатышат. Мындан тышкары бизден ак илбирс тууралуу көп сурап жатышат", - дейт ал.
Акжол аталган фестивалга катышуу үчүн америкалык ырчы Ники Минаждан 350 доллар каражат сураган эле. Минаж ага 500 доллар жөнөткөндүгүн кошумчалады Акжол.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
21.10.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азамат экен,тааныбаса да 500 доллар которгон.
Биздин артисттерден сурап корчу не дейт экен,500 сомда чыкпайт.
Акчасын берип тойго чакырсанда нааразы болот, жасалгаларыма да жетпей калат 700 доллар бересин деп)))))
Тушундунорда )))))
21.10.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмне болсо эле биздин булар,биздин тигилер деп озубуздукун жамандап жатып каласын.
21.10.2017. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ники Минаждын ырлары жагат эми дагы да жагып калды.
21.10.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Koshaly,дагы кичине жактырып анан акча сурасан точно берет
22.10.2017. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат жигит! Аракет кылсаң берекет дейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: