super.kg logo

Апта аралыгындагы талкуу жараткан жаңылыктар топтому

 

Интернет мейкиндигине күнүнө жүздөгөн түрдүү жаңылыктар, окуялар тарайт. Алардын ичинде кызуу талкууларды жараткандары аз эмес. Акыркы апта аралыгында талкуу жаратып, коомчулукту кайдыгер калтырбаган окуялар менен тааныштырабыз.

15-октябрда өткөн өлкөнүн президентин шайлоодо калктын көпчүлүк добушуна ээ болгон Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлө мүчөлөрүнө коомдун кызыгуусу күн санап өсүп барат. Бул жуманын эң көп талкууга алынган жаңылыгы - Жээнбековдун ажарлуу кызы Бактыгүл Шарипова жөнүндө болду. Өзүнүн сулуулугу менен көптөгөн интернет колдонуучуларды суктандырган Бактыгүл Бишкек шаарындагы №5-компьютердик гимназияны аяктап, азыркы тапта Кыргыз-Орус Славян университетинде билим алат. 2016-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек Абжалиевге турмушка чыккан.

Белгилүү "Кыз-Бурак" тобунун көркөм жетекчиси, ырчы Сайкал Садыбакасованын турмушка чыгары жөнүндө жаңылык көпчүлүктү таң калтырды көрүнөт. Ырчы Эдил Маматов экөөнүн ортосунда сүйүү мамилеси бар деген кептер эми эле тынчыганда Сайкалдын бул жаңылыгы күйөрмандардын бүйүрүн кызытты. Учурда көпчүлүк сулуунун тандоосу кайсы мырза деген суроого жооп издөөдө.

Сүйүктүүсүн Казакстандын ар кайсы шаарынан издеп “Алматыда жок-жок, Актөбеде жок-жок” деп ырдап келген ырчы Ерке Есмаханды ага ашык жаш жигит өзү издеп тапты. 20 жаштагы Руслан аттуу жигит түз эфирде ырчыга шакек тартуулап, тизелеп өз сүйүүсүн билдирип бирге болууну сунуштаган. Бул окуяга миңдеген телекөрүүчүлөр күбө болушкан. Бирок ырчы кандай жооп кайтарганы тууралуу азырынча маалымат жок.

"Дүйнө сулуусу-2017" сынагына Кыргыз өлкөсүнөн катыша турган Бегимай Карыбекованын өзүн тааныштырган видеосу талкуунун чордонунда болду. Интернет колдонуучулар сулуу бийкеч англис тилин дагы өздөштүрүүсү керек экен деген пикирлерин калтырышкан. Көп өтпөй кечээ, 20-октябрда сулуунун менеджери Бегимай Кытайга сынакка кете электигин, элчилик ага виза бербей жаткандыгын маалымдаган. Бул ирет Бегимайды сындагандарга караганда колдогондордун саны арбын болду.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгын чоң адамдар гана эмес кичинекей балдар да чыдамсыздык менен күтүштү. Буга караколдук 5 жаштагы Алиянын социалдык тармактарга тараган видеосу далил болду. Ал шайлоодо жеңип чыгышын тилеген талапкер Өмүрбек Бабановдун утулуп калганын угуп катуу ыйлаган. Бул окуя Бабановдун көңүлүн өзүнө буруп, кичинекей кызга жолугуп белектерин ыйгарды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(10)
21.10.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бабанов президент
21.10.2017. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Altyn2017, ал да, Жээнбеков да жарабайт. Бул менин жеке оюм... Мен Кыргызстандын башында Мадумаров, Мырзакматов, С.Жапаровду коргум келет...

Ал эми Жээнбековду эч качан президент деп кабыл албайм. Ал да АШАга окшоп, башка талапкерлердин добушун уурдап келди да. Буга жалпы эл кубо...
22.10.2017. 07:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Patriot7,созуно кошулам
22.10.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shamu,точно! ыйладым го ыйладым. Дагы алты жыл кутобузбу
21.10.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизги жанылыктарда коен менен кекиликти коркпой аткан ото коркунучтуу браконьер жонундо жокко.Же ал секрет окшобойбу.УКМКда сурак берип журот окшойт.
21.10.2017. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аптанын эн кызуу талкуусуна тушкон 8 жанылыктын 7си шайлоого байланыштуу экен... Тилекке каршы бул жерде алар боюнча соз жок... Мисалы шайлоо жыйынтыктары, Мадумаровдун кайрылуусу, Таластагы митинг ж.б. окурмандардын эн коп коммениарий калтырган кабарлардан экен....
22.10.2017. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бабанов Кыргызстандагы эн бай адамдардын катарын толуктоорун баарыбыз билебиз,бирок ушул убакка чейин благотворительный фонддорго же болбосо жетим жесирлерге жардам бергенин укпаптырмын.Негизи шариятта деле айтылат го тапкан кирешесинин бир канча болугун жетим жесирлерге ,кедей кембагалдарга бериш керек го.Эми ал озунун иши дечи бирок эл жерине куйгон патриот адам болсо жок дегенде бир блогатворительный фонд ачса болмок.
22.10.2017. 06:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкал Максатаа турмушка чыгатта
22.10.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Супер инфо Б.Байсариевдин оздук баракчасында аялынын суроттору алыныптыр. Билебиз азыркы убакта эки жолго тушкондо эле,чогуу тушкон суротторуну очуруп салышат го. Ошол жонундо маалымат берип койгулачы мумкун болсо.
23.10.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nur8777, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: