Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Түркиядагы мелдеште алтын медаль тагынды

Түркиянын Стамбул шаарында 20-22-октябрь аралыгында өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы Түркиянын кубогунда Кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын медалга ээ болду.
Акжол Махмудов грек-рим стилинде 74 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, финалга чейин өтө алган. Финалдык беттеште Махмудов түркиялык балбанды жеңип, алтын медаль тагынды.
Аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалпы 8 спортчу катышты.
Эске салсак, Акжол Махмудов жаштар арасындагы Азия чемпиону жана Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
10

Ушул досуман бир болсо Олимп чемпиону чыгат. Алга Акжол!!!