super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш: Депутаттар вице-премьер-министр Шамиль Атахановго өз эрки менен кызматтан кетүү сунушун айтышты

 

"Мамлекеттин намысын, улуттун намысын тебелегендик. Сиз өз каалооңуз менен жумуштан кетүү арызыңызды жазыңыз”,- деди депутат Каныбек Иманалиев вице-премьер-министр Шамиль Атахановго кайрылып. Өз кезегинде Шамиль Атаханов кызматтан кетүүдөн коркпостугун билдирди. “Бирок ал үчүн аргумент болуш керек. Вице-премьер-министрдин соттун чечимине, дарыгерлердин койгон диагнозуна тиешеси жок. Адилеттүүлүк болуш керек. Менин уулумдун бул процесске тиешеси жок болчу”,- деди Атаханов.  

 

Ал эми Азиз Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шер ар бир айткан сөзүнө документтер далил боло тургандыгын айтты. Каныбек Иманалиев кайрадан микрофон сурап, сый менен кызматтан кетүүнү үйрөнүү керектигин билдирди. “Кыргызстандын тарыхында өз каалоосу менен кызматтан кеткен биринчи вице-пермьер-министр болуңуз. Сөзсүз эле Жогорку Кеңеш тепкилеп иштен алыш керекпи? Кээде мамлекетте ушундай кырдаал болуп жатканда, ушундай абалда жумуштан кетүү да керек болот”,- деди эл өкүлү.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: