Күбө: "Бишкекте "Ганбей" кафесинен чыккан өрт жанаша турган 4 кафеге жана бир фитнес залга өтүп, баары күйүп кетти"







Фото: ӨКМнын басма сөз кызматы.

Фото: ӨКМнын басма сөз кызматы.



Бүгүн, 22-октябрда Асанбай кичи районунда 5 кафе, бир фитнес зал күйүп кетти. Кырсыктын күбөсү өрт саат 10:10дор чамасында башталганын айтты.
"Бул жерде азыр 5 кафе, бир фитнес зал күйүп жатат. "Марио", "Ганбей", "Харчма", "Барклайс", "Бухара" деген кафелер жана "Дельта" фитнес зал бар эле. Баары күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок, баарын чыгарып кеттик. Өрт "Ганбей" кафесинен чыгыптыр. Эмнеден чыкканы азырынча белгисиз", - деди ал.
Өрт кырсыгы болгон жерге "Тез жардам" кызматы, 11 өрт өчүрүүчү унаа келди. Өрт чектөөгө алынды, айрым имараттар дале өрттөнүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Каякты карасан орттонуп жаткан болот.
Противо пожарный орнотуш керек да курулушту МЧС текшерип чыгып анан уруксаат беруу керек а МЧС тердин жаздасыы акча болуп калбадыбы акча бересен баарына уруксаат бере берет орттор боло берет босоголду пожарный да ОРТ очкондон кийин келсе керек
Пожардан кийин 11 Эмес 50 пожарный келсе да пайдасы жок себеби баары куйуп бутту да