super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 22-ОКТЯБРЬ: Эки жыл мурун Чүйдөгү абактан шериктери менен качып кеткен Алтынбек Итибаев жок кылынган

 

Мындан эки жыл мурун 2015-жылы 12-октябрда шериктери менен №50-түзөтүү колониясынан качып кеткен Алтынбек Итибаев жок кылынган.

Ал 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 8 кылмышкер менен бирге абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп качып кетишкен. Булардын ичинен 5 кылмышкер ошол эле түнү МАИ тарабынан колго түшүрүлгөн.

Ал эми 16-октябрда качкын кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев түшкө маал Дордой конушунда, 20-октябрда кылмышкерлердин экинчиси Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тараптан жок кылынган. Ал эми үчүнчүсү Эдил Абдрахманов 22-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Тоо айыл аймагында тирүү кармалган.

Ушул эле күнү кечинде Бишкектеги Достук конушунда Алтынбек Итибаев 2 саатка созулган атышуу учурунда ок тийип каза тапкан. Андан сырткары, аталган ок атышуунун натыйжасында 1 күч кызматкери жана Достук кичи районунун бейкүнөө 2 тургуну набыт болгон.

Ал эми Алтынбек Итибаев менен чогуу качып бара жатып кармалгандар: Таалайбек Жуманов, Бакыт Кенжегулов жана Муратбек Жумалиев 21-22-октябрь күндөрү түрмөдөн каза болушкан.

22-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
22.10.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эдил Абдырахмановтун тагдырын билсе болобу эгер ал дагы деле тируу болсо. Тируу экенине деле ишенбейм. Супер инфо тактап бересиздерби
23.10.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitun, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
22.10.2017. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сасык саясат!
23.10.2017. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
barakcha, Ото сасык саясат болгон. Ит аткандай атыштыго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: