super.kg logo

"Титаникте" жазылган кат Британиядагы аукциондо дээрлик 166 миң долларга сатылды

 
"Титаникте" жазылган кат Британиядагы аукциондо рекорддук суммага сатылды.
Оскар Холверсон жубайы менен.

"Титаник" кемесинде жазылган кат Британиядагы аукциондо дээрлик 166 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Катты америкалык ишкер Оскар Холверсон 1912-жылы 13-апрелде кеме кыйроого учурагандан бир күн мурун апасына жазганы айтылат. "Титаниктин" герби түшүрүлгөн кагазга жазылган кат жалгыз болгондуктан аны сатып алууну каалаган коллекционерлердин саны да көп болгон. Тарыхый документ катары каралган катты телефон аркылуу британиялык жаран сатып алган.

Америкалык ишкер Оскар Холверсон жубайы менен "Титаникте" Нью-Йоркко бара жатышкан. Ал жазган катында кеменин чоңдугун сүрөттөп, алар менен кошо кемеде ошол мезгилдеги эң бай адам Жон Жейкоб Астор аялы экөө бар экенин жазат.

"Анда миллиондор болсо да карапайым адамдай көрүнөт экен. Биз менен бирге палубада отурат. Эгерде баары жакшы болсо шаршемби күнү Нью-Йоркко жетип барабыз", - деп жазылат Холверсондун катында.

Бирок Оскар Холверсон, Жон Астор жана башка "Титаниктин" 1500 жүргүнчүсү каза болгон. Анын денесин суудан алып чыгышканда блокнотунун ичинен катты табышкан. Кат ишкердин апасына берилген.

Каттан тышкары аукциондо кеме коштоочунун ачкычтары 100 миң долларга, "Титаниктин" буга чейин коомчулукка жарыяланбаган эки сүрөтү 32 миң долларга сатылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(11)
22.10.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны сатып алып не кылат десен Кызык))
22.10.2017. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Европада акчанын баркы кетти...
22.10.2017. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатып алып не кылат?
22.10.2017. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдир бироого барак, кому то баалуу нерсе. Чынында ото баалуу
22.10.2017. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сатып алган адам, бир-эки жылдан кийин мындан да кымбатыраака сатат.
22.10.2017. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииии тоооба дейсин да бир кат үчүн миңдеген долларды сарптап.
22.10.2017. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акчам кооп болгондо мен сатып алат элем, менде ушуга окшогондорго"интерес"бар.
22.10.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кагазга кагаз алмашты.ушул да жанылыкпы.. .
22.10.2017. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык.Кайран гана кеме жана андагы адамдар...
23.10.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тушунбогондорго кадимки барак, тушунгондорго ото баалуу нерсе
23.10.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жагы нам не понять, антиквариат нерселерге кызыккан адамдар учун бул ото чон нерсе, акыркы тыйынына чефин беришет керек болсо)))) кыздын мойнундагы алмаз ожерелье кайда экен?...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: