super.kg logo

АКШнын мурдагы 5 президенти Техаста өткөн кайрымдуулук концертте жолугушту

 

АКШнын 5 мурдагы президенттери бир учурда бир жерге чогулушту. Алар 22-октябрда болгон кайрымдуулук концертке чакырылышкан. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, алардын мындай чогулушу биринчи ирет болуп жатат. Алар Жимми Картер, Жорж Буш-улуусу, Билл Клинтон, Жорж Буш-кичүүсү жана Трампка чейинки президент Барак Обама. Беш президенттин башын бириктирген, Техаста өткөн кайрымдуулук концерт акыркы айларда АКШнын аймагында катталган катуу шамалдардан жабыркагандарга акча чогултуу максатында уюштурулган.

Акциянын уюштуруучулары кабарлагандай, акча чогултуу иш-чарасы сентябрь айында эле башталган. Ал эми 5 президенттин катышуусундагы концерт чечүүчү этап болуп, жыйынтыгында концерттен түшкөн каражат 30 миллион долларга жеткен. Анткен менен акциянын алкагында чогултулган жалпы каражат "Харви", "Мария", "Ирма", "Нэйт" бороондору алып келген чыгымдарга караандабайт. Америка бийлигинин эсептеп чыкканы боюнча аталган табият кырсыктарынан келип чыккан чыгым 300 миллиард долларды чапчыйт.

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп иш-чарага келип, мурдагы кесиптештери менен жолугуша алган эмес. Ал концерт учурунда видеокайрылуу аркылуу мурдагы 5 президенттин мындай окуяларга кайдыгер карабагандарына ыраазычылыгын билдирген. Ал тилсиз жоо - катуу бороондордон жана Калифорниядагы табигый өрттөн миллиондогон америкалыктар жабыркаганын белгиледи.

Концерттин алкагында "Алабама" кантри-группасы, ырчы Самюэль Мур, Иоланда Адамс жана башка жаш аткаруучу-ырчылар, Леди Гага сыяктуу атактуулар ырдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
23.10.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буш младший карый тушуптур, Клинтон ошол боюнча го
23.10.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ммдааа...Биздин экс-президенттерибиз омур бою мынтишпесе керек.
23.10.2017. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ekaterinburg,өмүр бою бири бирин чукулап өлүшөт.
23.10.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Rifle_I,айрыкча АША эчкимге кошула албаса керек
23.10.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Улгу алса болчуудай экен биздин президенттер.
23.10.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
300миллиард чыгаша атан горуу,бизге 4миллиардын жонотуп койсо карыздардан полностью кутулуп алат Белек ,биздин призденттерди Аллах эле наркы дуйнодо чакырып жолуктурбаса жолукпай калдыго бул жарык дуйнодо!
23.10.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде президенттер оздору концерт болот, ырчыларсыз эле
23.10.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демократия, таза шайлоо, тандоо укугу деген ушундай болот. Тарыхта 50 го жакын президент шайланды. 10ж ичинде 2 жолу алмашат. 5 президент. Мындай системаны СНГ мн Россиянын атуулдары 100жолу уктап 101 жолу туш корсо дагы кирбесе керек тушуно. Каждый раз каждый выбор ошол эле тааныш кожойундар. Ошондуктан прогресс жок, 1 эле клан басып алган баардык системаларды)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: