super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-ОКТЯБРЬ: "Так талашуу оюну" сериалынын жылдызы Эмилия Кларк 31 жашка толду

 

"Так талашуу оюну" ("Игра престолов"), "Терминатор: Генезис", "Сени менен жолукканга чейин" ("До встречи с тобой") тасмаларындагы ролдору аркылуу белгилүү болгон британиялык актриса Эмилия Кларк 31 жашка толду.

Актриса 1986-жылы Лондон шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы театрда үн жаздыруучу адис болуп иштегендиктен Эмилиянын болочоктогу кесибине болгон кызыгуусу бала чагында эле башталган. Лондондогу искусство университетинин алдындагы колледжде билим алып, актрисалык карьерасы ошол жерден башталган. Ал театрда көрүнүктүү ролдорду аткарып, белгилүү режиссёрлордун көзүнө түшкөн.

Эмилия Кларк кинодогу алгачкы ролун 2009-жылы "Дарыгерлер" ("Врачи") тасмасында жараткан. Ал "Так талашуу оюну" сериалына тартыла баштаган соң чыныгы атак-даңкка жеткен. Аталган сериалда актриса Дейенерис Таргариендин образын жараткан. Бул ролу үчүн ал EWwy Award сыйлыгын алып, 2012-жылы дүйнөдөгү эң жагымдуу 100 аялдын катарына кирген.

Актриса мындан сырткары "Терминатор: Генезис" тасмасында Сара Коннордун, 2016-жылы "Сени менен жолукканга чейин" ("До встречи с тобой") романтикалуу фильминде Лу Кларктын образын жараткан.

Жеке жашоосу

2012-жылы Эмилия Кларк аниматор жана режиссёр Сет Макфарлейн менен мамиле куруп, бир жыл өтпөй түгөйлөр эки башка жолго түшүшкөн. Мунун себебин көптөр актриса менен "Так талашуу оюнундагы" өнөктөшү Кит Харингтондун ортосундагы мамилеге байланыштырышкан. Актриса жеке жашоосу тууралуу айтууну көп жактыра бербейт.

23-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: