Эки шайлоо тилкесинде президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды
Эки шайлоо тилкесинде 15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу 23-октябрда SUPER.KG порталына БШКнын тийиштүү бөлүмүнөн билдиришти. Шайлоо жыйынтыгы Анкара шаарындагы добуш берүү жайында жана Бишкек шаарындагы №1243-шайлоо тилкесинде жокко чыгарылган. Себеп - идентификациядан өтпөгөн шайлоочуларга бюллетендердин берилиши. БШКнын маалыматы боюнча, бул жокко чыгаруулар шайлоонун жалпы жыйынтыгына олуттуу таасирин тийгизбейт.
Өлкөдө президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн. Анда биринчини Сооронбай Жээнбеков, экинчини Өмүрбек Бабанов, үчүнчүнү Адахан Мадумаров алган. Жээнбеков 54 пайыздан ашык көрсөткүч менен биринчи турда эле жеӊишке жетишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

