super.kg logo

Парламентте Орусия тарабынан техникалык жактан жардам берүү жөнүндө макулдашуунун мөөнөтүн узартуу маселеси каралды

 

Бүгүн, 23-октябрда парламенттин тийиштүү комитетинде Орусия тарабынан техникалык жактан жардам берүү жөнүндө макулдашууда каралган иш-чаралардын мөөнөтүн узартуу маселеси каралды.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдиргендей, макулдашуунун алкагында “Достук” өткөрмө пунктунун аймагынын чектерин кеңейтүү боюнча иш-чараларда каражаттарды колдонууга уруксат берилген эмес. Ошондуктан министрдин орун басары макулдашуудагы иш-чаралардын мөөнөтүн бир жылга жылдырып берүүнү сунуштады.

“Бир Бол” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров Орусия тарабынан берилип жаткан 200 миллион сомду ала албаганына Кыргыз тарап күнөөлүү экенин айтып, мындай сүйлөшүүлөргө кесипкөйлүгү жогорку адамдар баруусу зарыл экенин айтты.

Жыйынтыгында Бюджет жана финансы комитетинин депутаттары Каржы министрлигин мөөнөттү узартуу сунушун колдоду.

Техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашуусунда Кыргыз өлкөсүнүн өткөрмө пункттарын этап-этабы менен техникалык жабдууга жана жайгаштырууга багытталган иш-чараларды Орусия тарабынан каржылоо каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.10.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир ууч жегич кузгундар,сурап-тилене берип Кыргызстанды кайырчыга тенеп,жаман корсотуп буттунор го.Алган садаганы кулкунунарга уруп коюп элге аттыкы деле жок болуп атат.Же бир элге пайдасы болсо гана.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: