super.kg logo
  Спорт  

Топ-Лига 2017: "Алай" чемпион, "Абдыш-Ата" күмүш, "Дордой" коло медалга ээ болду. Акыркы турдун жыйынтыгы

 

21-октябрда өлкөнүн башкы шаарларында орун алган Футбол боюнча Өлкө биринчилиги - Топ-Лиганы жыйынтыктоочу 20-турунда канттык "Абдыш-Ата" бишкектик "Алга" командасын утуп мелдештин күмүш медалдарына ээ болду. Ал эми коло медалдарына бишкектик "Дордой" ээлик кылды.

Эскерте кетсек, буга чейин 17-турдун жыйынтыгы менен "Алай" футболдук клубу чемпион аталып, Топ-Лиганын соңуна 3 тур калганда алтынды жеңип, алдын ала жеңүүчү болуп аныкталган.

Топ-Лиганын 2 беттеши Бишкек шаарында өтсө, 1 беттеш Ош шаарында өттү. Бишкекте "Алга" - "Абдыш-Ата", "Дордой" - "Кара-Балта" беттештери ойнолсо, Ош шаарында "Алай" - "Нефтчи" беттеши орун алды.

"Алга" - "Абдыш-Ата" 0:4

Бишкектик "Алга" канттык "Абдыш-Атаны" футбол федерациясынын талаасында кабыл алды. Беттеш коноктордун пайдасына 0:4 эсебинде аяктады. Голдорду Алерива Олувасен (экини), Бахтияр Дүйшөбеков, Владимир Казабаев киргизишти.

Бул жыйынтык менен "Абдыш-Ата" 20 турдун жыйынтыгы менен 38 упай топтоп мелдештин күмүш медалдарына ээ болду. Ал эми "Алга" 21 упай менен 5-орунда жайгашты.

"Дордой" - "Кара-Балта" 5:1

"Дордой" спорт комплексинде орун алган беттеш 5:1 эсебинде аяктады. Эсеп саны Ислам Шамшиевдин 4-мүнөттө кирген голу менен ачылган. 2-таймда Азиз Сыдыков, Арген Жуматаев жана Александр Мищенконун голдору эсепти чоң эсепке айлантты, "Кара-Балта" буга Урмат Абдукаимовдун голу менен гана жооп кайтара алды. Эсеп 5:1.

Бул жыйынтык менен "Дордой" 35 упай алып 3-орунду ээлеп, коло медалдарга татыды. Ал эми "Кара-Балта" 11 упай менен акыркы орунда жайгашты.

"Алай" - "Нефтчи" 0:1

Өлкө биринчилигинин аягына 3 тур калганда чемпиондукту камсыздаган "Алай" командасы өз талаасында кочкор-аталык "Нефтчини" кабыл алды. Эсеп саны 66-мүнөттө Юлдашбай Салимбаевдин голу менен ачылды. Бул эсеп 90 мүнөт бою кармалып "Нефтчиге" жеңиш алып келди.

Бул жеңиш менен "Нефтчи" командасы 23 упай топтоп, турнирдик жадыбалда "Алганы" ашып өтүп 4-орунду ээледи. Ал эми чемпиондукту камсыздаган "Алай" командасы 5-ирет жеңилүү ызасын тартты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.10.2017. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алай чемпиоооооооон
Побеждает всегда ооооон
23.10.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын алай. Урраааа алай чемпиооооон.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-23 15:19:56
23.10.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар бирок жок дегенде коңшу мамлекеттерди жеңсеңер мынданда жакшы болмок эле качан барсаңар шалпыйып жеңилип келесиңер топтун артынан жүгүртөнду баары эле билет аны унутпагыла
23.10.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
алты еле команда барбы топ лига дегенинерде
23.10.2017. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алай алгааа!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: