super.kg logo

Садык Шер-Нияз: “Кыргызда мактана турган кинематография эле бар”

 

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз Кыргыз өлкөсүндө мактана турган кинематография эле бар экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-октябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Депутат каржы министри Адылбек Касымалиевден кинематографияга жылына канча каражат бөлүнгөнүн сурады. Каржы министри аталган тармакка 2016-жылы 73 миллион сом каралганын белгилеп, 35 миллион сом менен каржыланганын айтты.

Депутат мактана турган тармакка 50 пайыз гана каражат которулуп жатканына нааразы болду. “Биз кино менен гана сыймыктана алабыз. Эмне үчүн 50 пайыз эле каржыланат? Спортчулар менен мактансак болот эле, Олимпиададан көрдүк. Өлкөдө демократия жана кинематография менен эле сыймыктансак болот. Мына, отчёттун аткарылышы”, - деди ал.

Учурда Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу маселе каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
23.10.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куру соз, бекер кеп... Биздин учурда чыгып жаткан кинолор шерменде, аягына чейин чыдап коруу мумкун эмес... Актерлор фальшивый ойнойт, кинолордун мааниси начар....

Озбектер кино жаатында мактанса жарашат... Кинолору бир сонун, ,башка олколордун кинолорун которуп озбекче суйлотсо да, баары профессионалдуу... Алардын жанында биздин кинолор аман эле болсун да... Чынын айтыш керек, 10 кино тартылса, 8-9 "мусор".....
23.10.2017. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садык Шер аке эмнесине мактанат? Курманжан Датканы 2 саат кылып тартыпсынар ал адамдын тарыхтагы иштерин жеткире албапсынар, тарызты билбеген адамдар корсо бир айылдын эл журок аялы болгон окшойт деп калат. Бюджеттен жакшы эле акча болунгон экен элементарно массовкага жетиштуу адамдардыда таба албапсынар. XXкылымдын башында хандар современный орнаментуу килемдерде отурат. Сыйлык алганынар оператордун иши учун, бейиштей укмуш жаратылыш, жакшынакай кыз коркун ачкан учун эле алдынар негизи.
24.10.2017. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба,мен учун да, ,Курманжан датка"фильми начар болуп калган.Сценарий жакшы болгон,актерлор жакшы тандалган эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: