Ачкачылык жарыялаган экс-министр Равшан Сабировдун абалы оор
Ачкачылык жарыялаган экс-министр Равшан Сабировдун абалы оор. Бул тууралуу 29-майда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери №47-абакта болуп, мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан
Сабировдун абалы менен таанышып чыккан соң белгилүү болду. Өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын билдирип, Жогорку Соттун чечимине каршы Р.Сабировдун ачкачылык жарыялаганына бүгүн 3 күн болду.
Ачкачылыктан улам анын ден соолугу кескин начарлап, кан басымы төмөндөгөн жана көзү
караңгылап, мезгил-мезгили менен мурдунан кан агып жатканын билдирди аталган мекеменин басма сөз кызматы.
Автор: Ширин Турдакунова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

