super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте “Легенда Кубогун” “Абдыш-Ата” командасы жеңип алды. Оюндарга белгилүү франциялык футболчу Кристиан Карамбё күбө болду

 
"Легенда Кубогу"
"Абдыш-Ата" командасынын дарбазачысы
"Абдыш-Ата" командасынын оюнчулары ак түстө
"Алай" командасынын оюнчулары сары түстө
Оюнга эл аралык деңгээлдеги калыстар көзөмөлдүк кылды
"Алай" командасынын дарбазачысы
"Абдыш-Ата" командасы Кристиан Карамбё менен
"Легенда Кубогу" үчүн болгон кызыктуу мелдештин көрүүчүлөрү
Белгилүү франциялык футболчу Кристиан Карамбё менен мелдештин көрүүчүлөрү эстеликке сүрөткө түшүп жатышты
"Алай" командасы күмүш медалга ээ болду
Алтын медаль "Абдыш-Ата" командасынын оюнчуларына ыйгарылууда
Кристиан Карамбё "Легенда Кубогун" "Абдыш-Ата" командасына тапшырууда
"Легенда Кубогунун" ээси "Абдыш-Ата" командасы
"Легендалар Кубогунун" ээси "Абдыш-Ата" командасы

29-майда Бишкекте Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо “Легенда Кубогу-2013” мелдеши өтүп, анда жеңиш үчүн “Алай” жана “Абдыш-Ата” командалары ат салышты. Айта кетсек, оюндарга белгилүү франциялык футболчу Кристиан Карамбё күбө болду. Беттештин 1-оюну тең болуп чыгып, 2-оюнда “Абдыш-Ата” командасынын оюнчусу Хуршид Лутфуллаев атаандаш тараптын дарбазасына 2 гол киргизип, оюнду 2:0 эсебинде жыйынтыктады. Ошентип, “Легенда Кубогу” “Абдыш-Ата” командасына буюрду. Эске салсак, аталган кубок 2012-жылы “Алай” командасына ыйгарылган болчу. 

Ал эми Кристиан Карамбё тууралуу айтсак, ал буга чейин “Реал Мадрид” командасында ойноп, бир канча чемпиондуктарда “Эң мыкты оюнчу” аталган. Азыркы тапта футболдогу ойноону токтотуп, УЕФАнын расмий элчиси кызматын аркалайт.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: