Нарында "36 жаштагы киши 11 жаштагы өгөй кызын зордуктоого аракет кылган" деген шек менен кармалды
Нарын облусунун Ат-Башы районунда "жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылган" деген факты боюнча эки учур катталды. ИИМдин маалымат кызматынан 23-октябрда SUPER.KG'ге билдиришкендей, аталган эки факты райондун эки башка айылдарында катталган. Маалыматка таянсак, райондук милицияга айылдардын биринин тургуну кайрылып, 11 жаштагы кызды 36 жаштагы өгөй атасы зордуктоого аракет кылганын билдирген. Арыздын негизинде 36 жаштагы адам кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал эми экинчи факты боюнча маалым болгондой, айылдардын биринин тургуну арыз жазып, 8 жаштагы кызды 58 жаштагы киши зордуктоого аракет кылганын кабарлаган. Шектүү адам кармалып соттун чечими менен үйүнө чыгарылды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Кыздарды оттоооо байкаш керек да