БШК: "8 шайлоо тилкесинде добуш берүү жыйынтыгы жараксыз деп табылды"
8 шайлоо тилкесинде добуш берүү жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Бул тууралуу 23-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-октябрга карата 54 аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алуу аяктады.
Жыйынтыгында Сузак, Сокулук, Кара-Суу райондорундагы жана Бишкек шаарындагы айрым аймактык шайлоо тилкелериндеги добуш берүү жыйынтыгы жокко чыгарылган. Себеп - идентификациядан өтпөгөн шайлоочуларга бюллетендердин берилиши.
“Чүй облусунун Сокулук районундагы №7269-шайлоо тилкесинде добуш 55 айырмачылык чыккан. Ош облусунун Кара-Суу районундагы №5180-шайлоо тилкесинде 48, Түркиянын Анкара шаарындагы №9036-шайлоо тилкесинде 9, Бишкектеги №1243-шайлоо тилкесинде 2 айырмачылык болгон. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы аймактык шайлоо комиссиясы төрт шайлоо тилкесинде добуштардын жыйынтыгын саноодо айырмачылыктар чыккан”, - деп жазылат маалыматта.
БШК билдиргендей, бул фактылар боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.


8 участоктун эмес, шайлоонун жалпы жыйынтыгын жокко чыгарып башынан шайлоо откоруу керек... Бийликтин бул маскарачылыгы шайлоо эмес!!! БШКнын озун таркатуу керек... Мындай бийликтин "куурчак" БШКсы турганда шайлоо таза отпосу кун мурунтан белгилуу болуучу..
Эми калп эле 8 участоктун жыйынтыгын жокко чыгардык деп тош кагышат... 8 участок эмес, жалпы шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгаруу керек!!!