super.kg logo
  Спорт  

Криштиану Роналду экинчи ирет катары менен жылдын мыкты футболчусу аталды

 

Кечээ, 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү Англиянын Лондон шаарында ФИФАнын "The Best" сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Анда жылдын мыкты футболчусу, машыктыруучусу, дарбазачысы жана жылдын мыкты голу аныкталды.

Мыкты футболчу

Жылдын мыкты футболчусу болуп "Реал Мадрид" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду аталды. Роналду бул сыйлыкка экинчи ирет ээ болууда. Ал "Барселонанын" жылдызы Лионель Мессиден жана "ПСЖнын" чабуулчусу Неймардан ашып өттү. Роналду 2017-жылы "Реал" менен бирге Чемпиондор Лигасын жана Ла Лиганы жеңип алган, ал эми Португалия курама командасы менен Конфедерациялар кубогунда 3-орунду жеңген.

Мыкты машыктыруучу

ФИФАнын версиясы боюнча мыкты машыктыруучу болуп Зинедин Зидан табылды. Ал "Челсинин" машыктыруучусу Антонио Конте жана "Ювентустун" машыктыруучусу Массимилиано Аллегрини ашып өттү. Эске салсак, Зидандын жетекчилигинде "Реал Мадрид" 2017-жылы Чемпиондор Лигасын жана Ла Лигада чемпиондукка ээ болду.

2016-жылы бул сыйлыкка Клаудио Раньери ээ болгон, ал "Лестерди" Англия чемпиондугуна алып келген. Ошол жылы Зидан 2-орунда болуп калган.

Мыкты дарбазачы

Мыкты дарбазачы сыйлыгын "Ювентус" клубунун жана Италия курама командасынын капитаны Жанлуижи Буффон жеңип алды. Буффон "Бавариянын" дарбазачысы Мануэль Нойерди жана "Реалдын" дарбазачысы Кейлор Навасты ашып өттү. Ошондой эле Буффон FIFPro версиясынын жылдын курама командасына кирди.

Мыкты гол

Ференц Пушкаш атындагы сыйлыкка 2017-жылдын кооз голу катары "Арсенал" клубунун чабуулчусу Оливье Жиру ээ болду. Жиру голду АПЛдин алкагында "Кристал Пэлас" менен болгон беттеште киргизген. Оливье Жирудан тышкары бул сыйлыкка Дейна Кастельянос (Венесуэлы U-17 кыздар курамасы) жана Масулуке Оскарине ("Барока") талапкерлик кылышкан.






2017-жылдын мыкты голу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(10)
24.10.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куттуктайм
24.10.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Реал ! Бир гана реал!
24.10.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буфон мн Зидан татыктуу тандалган
24.10.2017. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Роналду чынында эле татыктуу болчу.убакыттан пайдаланып Реалдын фанаттарын дагы куттуктайм
24.10.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Неймарга берсе жакшы болмок
24.10.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ыый Футбол тушунбой Элэ жаза бербегиле 3 орунга чейин Роналдонун жардамы менен болду да Бир гана Роналду татыктуу тушунбогон жазба
24.10.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Makkambaev97, Конечно Hala Madrid!!!
24.10.2017. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтын топ сыйлыгы качан болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: