super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоодогу жеңиши менен Иран президенти куттуктады

 

Ирандын президенти Хасан Рухани Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен куттуктады. Бул тууралуу 24-октябрда Жээнбековдун штабынан билдиришти.

Хасан Руханинин телеграммасында: "Сиздин Кыргыз Республикасынын президенти кызматында болуп турган мезгилде Иран Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелер, азыркы учурдагыдай эле өнүгүү жана тереңдөөсүн улантат деп ишенем. Иран Кыргыз мамлекети менен болгон мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүү үчүн эч тоскоолдук көрбөйт жана эки өлкө ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруу менен эки тараптуу, достук жана бир туугандык мамилелердин мындан аркы бекемдешине күбө болобуз деп үмүттөнөм. Жараткан сизге ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргыз өлкөсүнүн элине бакубаттуулук жана бакыт-таалай тартууласын", - деп айтылат.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, алдын ала жыйынтык боюнча талапкерлердин арасынан Сооронбай Жээнбеков 54 пайыздан ашык көрсөткүч менен биринчи турда эле жеӊишке жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: