super.kg logo
  Саясат  

Парламент комитети Кыргыздын Түштүк Кореядагы элчиси кызматына Кылычбек Султановдун талапкерлигин жактырды

 

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси кызматына Кылычбек Султановдун талапкерлигин жактырды. Депутат Каныбек Иманалиев SUPER.KG порталына билдиргендей, депутаттар Султановдун Малайзияда элчи болуп турганда жасаган иштерин артыкчылык менен баалап, анын талапкерлигин колдоого алышты. Бул маселе комитетте жабык эшик артында каралды.

Буга чейин Кылычбек Султанов өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп иштеп келген.

Султанов Кылычбек Камчыевич:

1975-жылы 7-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырзаке айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Электрондук эсептөөчү техникалардын өндүрүшү тармагы боюнча билим алган жана финансы жана кредит бөлүмүндө экономист адистигине ээ болгон.

1996-2000-жылдары - Кыргыз Республикасындагы ММКларда эмгектенген;

2002-жылы - “Супер-Инфо” гезитин негиздеген;

2002-2008-жылдары - "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору;

2008-2009-жылдары - ЭлТР телеканалынын башкы директорунун орун басары;

2009-2012-жылдары - "Компьютер-Пресс" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти;

2012-жылы - КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы;

2012-2013-жылдары - КРнын Социалдык өнүгүү министри;

2014-2016-жылдары - Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси;

2008-жылы - “Улуттук гезит” сыйлыгынын “Жылдын медиа менеджери” наамынын ээси;

2011-жылы - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: