Жогорку Кеңеште №21-республикалык жатак-мектептин окуучуларына экскурсия уюштурулду

29-майда угуусу начар балдардын №21-республикалык жатак-мектебинин
окуучулары үчүн Жогорку Кеңеште экскурсия уюштурулду. Иш-чараны ЖКдагы “Кыргызстандын парламентинин айымдар клубу”
уюштурду. Мектеп окуучулары Жогорку Кеңештин имаратында болуп,
жыйындын жүрүшү, комитет жана фракциялардын иши менен таанышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.
Автор: Автандил Добулбеков
Иш-чаранын жүрүшүндө вице-спикер Бөдөш Мамырова, депутаттар Дамира Ниязалиева, Надира Нарматова жана Дастан Бекешев окуучулар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп беришти. Окуучулар мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берген жатак-мектептин мугалимдеринин айлык маянасын көтөрүүнү да суранышып, аталган мекемеде жашоо үчүн социалдык жакшы шарт түзүү маселеси 40 жылдан бери чечилбей келе жаткандыгын баса белгилешти. Жолугушуунун аягында “Айымдар клубунун” мүчөлөрү балдарга белек тартуулашып, мындан аркы турмушу менен окууларына зор ийгиликтерди каалашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

