super.kg logo

Жогорку Кеӊештин дагы бир комитети Казакстандын 100 миллион доллар жардамынан баш тартууну колдоду

 

Бүгүн, 24-октябрда парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети Казакстандын 100 миллион долларлык жардамынан баш тартуу маселесин жабык эшик артында карап, колдоого алды.

Буга чейин демилгени Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети жана Бюджет жана финансы комитети жактырган.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев SUPER.KG порталына бул жардамды алуу жөнүндө макулдашууга 10 жыл болгонун билдирген.

"Бул маселенин тарыхы өтө узак. 10 жылдан бери сүйлөшүү болуп биринчи келишимдер 10 жыл мурда түзүлгөн. Келишимге акыркы жолу 2016-жылы кол коюлган. Бул маселе дагы деле чечиле элек. Калыптары өзгөргөн ЕАЭБ алкагында техникалык жардам катары дагы келишимге кол коюлган. Бирок, тилекке каршы, ар кандай себептер менен бул каражат келген жок. Акыркы Кыргыз-Казак чек арасында абал чыгып кеткенде Казакстандын кээ бир саясатчы, аткаминерлери бизге бербеген жардамды жок кылышты. Бул жардам техникалык, акчалай деп жазылган. Бирок 10 жылдан бери берилбеген жардам эми деле берилбейт", - деген Зилалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
24.10.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы колдойм))
24.10.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизди коюп казактар озун эптеп алсын.Берелекте ооздорун коптургон казактар бергенде бизге башкача мамиле кыла баштайт.
24.10.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздору кекиртегинен карызга баткан казактар бизге жардам бергенден кетет бекен. Опкосу жок кургурлар бир курсагы тойо столго отурганда "бере салам шешесин акша элеби"-деп мактанып койгон го.
24.10.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда колдоймун албай еле койуш керек
24.10.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казакстандын маалымат булактары башкача маалыматтарды таратып жатышат,ушуну тактап эмне алып-койгондорун айтып коюш керек,антпесе мынча берип салдык,дагы мынча берип атабыз деп атышат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: