Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы өз кызматкерлерин киреше салыгынан бошотууну сунуштады
Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы кызматкерлерин киреше салыгынан бошотууну сунуштоодо. Бул маселе бүгүн, 24-октябрда парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында каралды.
Аталган кызматтын төрагасы Замирбек Осмонов билдиргендей, мекеменин бир кызматкеринен жылына 19 миң сом киреше салыгы кармалат. Ал мыйзам долбоору социалдык жактан камсыз кылуу жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыкканын айтты. Мекеменин жалпы кызматкерлеринен жылына 5 миллион сомдон ашык киреше салыгы кармаларын кошумчалады. Депутаттар мыйзам долбоорун 2-окууда жактырышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
-2

Дагы 120 жепжутар макул деп бошотуп койгонун!!! Бизге ошол 120 депутаты, Окмоту, соттору, Атамбаев, Жээнбековдор бири да керек эмес!!! Зыяндан башка пайдасы жок!!!