super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда 2013-жылдын 4 айында 46 өспүрүм өз жанын кыюуга барган

 
"Кыргызстанда 2013-жылдын 4 айында 46 өспүрүм өз жанын өзү кыюуга барган",- деп билдирди 29-майда "Парламент" радиосундагы түз байланыш учурунда ЖКнын депутаты Ыргал Кадыралиева. Депутаттын айтымында, балдарга жетиштүү тарбия берүү учурдун эң орчундуу маселелеринин бири болуп турат. "Ошондуктан балдардын келечеги үчүн атайын мамлекеттик стратегия иштеп чыгуу - учурдун талабы. Буга байланыштуу ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитети атайын комиссия түзүү чечимин кабыл алды. Анын курамында өкмөт өкүлдөрү да бар. Ал комиссия балдардын укуктарын коргоо боюнча иш алып барып жаткан өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматтарына гана таянбастан, алардын балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытындагы аткарып жаткан иштеринен дагы кабар алат",- дейт Кадыралиева.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: