super.kg logo

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы суроо салат: "Коомдук канал элдин мүдөөсүнө жараша иштеп жатабы?"

 

Бүгүн, 24-октябрь күнү Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп жазды.

"Мамлекеттик бюджет жөнүндө мыйзам - өлкөнүн жашоо-турмушундагы маанилүү мыйзамдардын бири. Андыктан анын аткарылышын кароодо бюджеттен каржыланган ар бир мекеме эл өкүлдөрүнүн, парламенттин алдында жылына бир жолу отчёт берүүгө милдеттүү. Тиешелүү комитеттер мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жетекчисин чакырып, элдин салыгынан чогулган акчанын каякка кетип жатканы тууралуу сурап алууга укуктуу.
Илим мырза айына 28 миң сом маяна аларын билдириптир. Андан тышкары КТРК республикалык бюджеттен жылына жүз миллиондогон сом каржы алат. 2017-жылы бул сумма 446 миллион 967 миң сомду түзгөн. Коомдук канал өзүнүн милдеттерин так аткарып жатабы? Элдин мүдөөсүнө жараша иштеп жатабы?" -
деп суроо салды Ибраим Нуракун уулу.

Мындай жагдайдын жаралуусуна КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун кечээ социалдык тармактагы баракчасы аркылуу төмөндөгүдөй пост калтырганы себеп болгон. Анда мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүндөгү пайдалуу аракети тууралуу жазылган эле. "Парламенттеги комитеттик жыйындардын бирине чакырылып, ага барганымда болжолдуу 42 аткаминер отурганын көрдүм. Талкуу 2 саатка созулду. Ал аралыкта 8дей депутат орточо экиден суроо беришти. Бардык суроолор министрлерге багытталып жатты. Тактап айтканда, жыйынга чакырылган 42 аткаминерден үчөө гана керек болгон экен. Калганы көрүүчү болуп отурду. Менин айлыгым кошумча төлөмдөрдү кошпогондо 28 миң сом", - деп жазган Илим Карыпбеков убакыттын текке кеткенин кыйыткан.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчисинин баамында ушул сыяктуу сын-пикирлер "парламентти таратыш керек, санын жана чыгымдарын кыскартыш керек дегендей тескери маанайды күчөтөт".

Ал эми Илим Карыпбеков сөз кылган комитеттик жыйынында уйкусурап отурган.

Маалымат үчүн: Кечээ, 23-октябрь күнү Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинде 2016-жылдагы бюджеттин аткарылышы тууралуу маселе каралган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
24.10.2017. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дайым бир тараптуу корсотуулор. Элдин муктаждыгын айтпайт.
24.10.2017. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
илим карыпбеков аша нын эмеси ..
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-25 12:11:56
24.10.2017. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катындардай болуп бири бириңерди чукуп ушактап жүрө бергиле. Ал эми КТРКга келсең сонун тим эле сөз жок. Аман эле болсун КТРКңар негизи мен ушу каналды айылга келгенде кээде аргасыздан эле тиктеп калбасам такыр көрбөйм. Качан көрсөң Атамбаевди мактап аткан ким ага каршы чыкса аны шыбап аткан. Чындык үчүн күрөшсөңөр эл чындыкты билсин десеңер Сентябрь каналын кайра ачууга уруксат бердиргиле. Ошондо эл үчүн иштеп эрдик кылган болосуңар
24.10.2017. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоюп эле салгылачы ушул каналды
25.10.2017. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен коргум келбейт ушул каналды.бут ХХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-25 09:36:28
25.10.2017. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КТРКда жалан эле саясат го, эч бир коргун келбейт. Качан койсон эле кызыксыз бир орусча кыргызчалап тантырап суйлоп жаткан бир программа болуп жаткан болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: