super.kg logo

Чолпон Султанбекова үч күн мурун көз жарган памирлик кыргыз келинден кабар алды

 

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 24-октябрда 3 күн мурда наристелүү болгон этникалык кыргыз Жанбүбү Маматзайым кызынан кабар алды. Учурда ымыркайдын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу өмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ымыркай убагынан эрте төрөлгөндүктөн толук кандуу жетиле элек. Ошондуктан азырынча ал ара төрөлгөн балдар бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова белгилегендей, эне бала төрөт үйүнөн чыккандан кийин Нарын облусуна барат. Ал жакта Жанбүбү Маматзайым кызынын билим алуу үчүн келген башка балдары бар.

Жанбүбү Маматзайым кызынын үй-бүлөсү Алмазбек Атамбаевдин Президенттик маалында Улуу жана Кичи Памирден келип тарыхый мекенин көрүүгө мүмкүндүк алгандыктан, уулуна Алмазбек Атамбаевдин урматына Алмазбек деген ысым ыйгарууну чечкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
25.10.2017. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул беле журналист кызды мас болуп телефон чалып зордуктатам бетини тегиздейм деп согунуп жыйындарга келбей качып жургон?!
25.10.2017. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azatbek83,jok al deputat ayal SDPK dan
25.10.2017. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azatbek83,жоок, бул Баяман Эркинбаевтин аялы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: