super.kg logo
  Саясат  

Чыныбай Турсунбековдун спикерлик кызматтан кетери айтылууда

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кызматтан кетери жана бул маселе боюнча коалиция көпчүлүгү эртең, 25-октябрда чогула турганы айтылып жатат. Бул боюнча Чыныбай Турсунбековдон комментарий алууга азырынча мүмкүн эмес болууда.

Ал эми КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков SUPER.KG'ге бул боюнча маалыматты укканын билдирди. "Коалицияга кирген фракция башчылары бүгүн чогулду дешүүдө. Мен аларга чалып сурадым, андай жыйын болбоптур. Бирок Турсунбеков эртең Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кызматтан кете турганын айтышы мүмкүн”, - деди ал.

Ошол эле учурда коалицияга кирген “Бир Бол” фракциясынан депутат Улугбек Ормонов коалиция чогулат деген сөз болбогонун билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, Чыныбай Турсунбековдун ордуна төрагалыкка төмөндөгү депуттардын биринин талапкерлиги каралышы ыктымал: Иса Өмүркулов, Аалы Карашев, Аскарбек Шадиев, Дастан Жумабеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: