Парламент комитети ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби боюнча макулдашууну жактырды
Кечээ, 24-октябрда Жогорку Кеӊештин комитетинде “Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруунун тартиби жөнүндө” макулдашуунун долбоорун жактырды.
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби боюнча жаӊы келишим түзүлүп жатат.
“Анда мүчөлүк акы принциби, аны төлөө, бюджетти аткаруу механизмдери жаатында жаӊы түшүнүктөр камтылды. Түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишине жумшала турган бюджеттик каражаттар буга чейин 10 пайыз болсо, ал азыр 8,6 пайызга чейин азайтылган, бирок бюджеттин өзү көбөйгөндүктөн, анын өлчөмү мурдагы бойдон калат”, - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-07-16
9:20
2025-07-16

22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.