super.kg logo

"Жоокерди сабады" деп айыпталган УКМК офицери 2 миллион сом айыпка жыгылды

 

Жогорку Сот УКМКнын офицери А.Н.га чыккан өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда аталган соттон билдиришти.

Айта кетсек, окуя 2016-жылдын 21-январь күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин №64479-аскер бөлүгүндө болгон. Анда ал жакта кызмат өтөп жаткан Абытбек уулу Мамарасул ротанын командири тарабынан сабалган.

2016-жылдын 17-июнь күнү Бишкек гарнизонунун Аскер соту кылмышка шектүү А.Н.ны Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (күч колдонуу аркылуу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп таап, эсептик көрсөткүчтүн 20 миң өлчөмүндө, башкача айтканда, 2 миллион сом мамлекеттин пайдасына айыпка кириптер кылынып, бир жылга чейинки мөөнөткө өздүк курам менен иштөө укугунан ажыратылган.

Аскер сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 26-октябрындагы өкүмү менен Бишкек гарнизонунун Аскер сотунун 2016-жылдын 17-июнунда А.Н. жөнүндөгү өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

"2017-жылдын 9-октябрында Жогорку Сот А.Н. жөнүндөгү Бишкек гарнизонунун Аскер сотунун 2016-жылдын 17-июнундагы жана Аскер сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 26-октябрындагы өкүмдөрү күчүндө калтырылган. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт", - деп билдиришти Жогорку Соттон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
25.10.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
emnege mamleketke togot, soldatka bersin
25.10.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Акмак экен го УКМК офицери А Н.Акчаны мамлекет эмне кылат жабыр тарткан балага 5 млн сом айып төлөсүн.Жөнөкөй эле журналисттер чоңдордун аброю үчүн 10,20 млн айыпка жыгылып жатат,ага караганда бул келтек жептир да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: