super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьерликке сунушталган Дайыр Кенекеев кайсы тармакты көзөмөлдөөрү белгисиз

 

Жогорку Кеӊеште бүгүн, 25-октябрда вице-премьер-министрликке Дайыр Кенекеевдин талапкерлиги каралууда. Депутаттар Кенекеев вице-премьер катары кайсы тармакты көзөмөлдөй турганын сурашты. Кенекеевди парламентке тааныштырган вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев бул маселе чечиле электигин айтты. "Азырынча кайсы тармакты көзөмөлдөй турганы белгисиз. Жогорку Кеӊеш колдоп берсе, Кенекеев кайсы тармакты жетектей турганын өкмөт башчы Сапар Исаков чечет. Бирок азырынча реалдуу секторду көзөмөлдөйт деп каралууда, бирок так чечиле элек", - деди Зилалиев.

Депутат Алтынай Өмүрбекова: "Жогорку Кеӊеш шайлагандан кийин Кенекеев кайсы тармакты жетектей турганын өкмөт башчы чечет деген туура эмес. Кайсы тармакты жетектей турганы так айтылышы керек, анткени депутаттар бул адамдын ошол тармакты жетектей алабы-жокпу көрүшү керек", - деп билдирди.

Башка депутаттар дагы Кенекеев кайсы тармакты жетектей турганын алдын ала билип, ал тармак боюнча депутаттарга программасын тааныштырышы керек эле дегенди айтып жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: