super.kg logo
  Саясат  

Мирлан Бакиров: "Жогорку Кеңеш жөнүндө сын-пикирди өзүбүз жаратып жатабыз"

 

"Жогорку Кеңеш жөнүндө коомчулуктагы сын-пикирди өзүбүз жаратып жатабыз", - деди бүгүн, 25-октябрда парламент жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров.

Ал вице-премьер-министрликке талапкер Дайыр Кенекеевди жакшы тааный турганын айтты. "Анын талапкерлиги жөнүндө маселе жок. Коомчулук Жогорку Кеңешти сындап келет. Элементардык процедураны сактабай добуш берели деп кабыл алдык. Жогорку Кеңешке төрага болуп келе турган адам, анын орун басарлары процедураны сактаса", - деп суранды Бакиров.

Айта кетсек, бүгүнкү жыйында Дайыр Кенекеевдин талапкерлиги боюнча вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баяндама жасаган. Буга айрым депутаттар "вице-премьер-министрди премьер-министр сунушташ керек" деп сындашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: