super.kg logo

Жогорку Кеңеш Казакстандын 100 миллион доллар жардамынан баш тартуу маселесин талкуусуз карады

 

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңеш Казакстандан бериле турган 100 миллион долларлык жардамдан баш тартууну талкуусуз карады.

Бул маселе боюнча талкуусуз жабык эшик артында кароо сунушталды. Бирок депутаттар ачык эшик артында талкуусуз кароону колдошту.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдиргендей, бул жардамды алуу жөнүндө макулдашууга 10 жыл болгон. Жардам 10 жылдан бери берилбей келгенин айтты. "Бул бериле турган каражат эмес. Бирок, тилекке каршы, ар кандай себептер менен бул каражат келген жок. Каражатты бюджеттен жана сырткы булактардан тапканга аракет кылабыз", - деди ал.

Жыйынтыгында "Кыргыз өкмөтү менен Казак өкмөтүнүн ортосунда 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында ЕАЭБге кирүү шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү макулдашууну, жардам берүү жана анын колдонулушу тууралуу протоколду, техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу протоколду денонсациялоо тууралуу" мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.10.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
100милионду ачык карайсынар.чек араны жабык карайсынар качан ачыка чыгат кандай чечим болгону чекара туралуу???????
25.10.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Шеф 300 миллиард доллордан болушпойбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: