super.kg logo

Жол кырсыгынан каза болгон 10 жашар кызды милиция кызматкерлери бараткан унаа сүзгөн. Кыздын апасы "күнөөлүүлөр жазаланбай калабы" деп тынчсызданууда

 

19-октябрь күнү Өзгөн районундагы Кароол айылында 20 жаштагы айдоочу 10 жашар Марзия Зулпукарованы Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп кетип, кыз ошол жерден каза болуп калган. Маркумдун апасы Нургүл Парманкулованын 25-октябрда SUPER.KG'ге билдиришинче, кызын милиция кызматкерлери бараткан унаа сүзгөн. Ал күбөлөрдүн пикирине таянып, унаа катуу ылдамдыкта келе жатып сүзгөнүн айтууда.

"Кызым жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол менен кесип өтүп мектепке баратканда унаа катуу ылдамдыкта келип 7-8 метрге учура сүзгөн. Айдоочу катуу айдап келатканы үчүн унаасын токтото албай 100 метрге сүрүлүп кеткен. Күбөлөрдүн айрымдары унааны Өзгөн РИИБинин кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкери башкарып баратканын көргөнүн айтышууда. Бирок ал милиция кызматкери жөн гана айдоочунун жанында болгонун, унааны кырсык болгондон кийин башкарганын билдирди.

Ага макул дегенибиз менен айдоочу Мусабек Ормонбеков өзү Оштогу Спорт жана дене тарбия комитетинде, бир тууган агасы Султан Ормонбеков РИИБинин кылмыш издөө бөлүмүндө иштейт экен. Ошондуктан тергөө иштерине тоскоолдук жаратып коюшабы деп кооптонуп жатабыз. Бүгүн ата-энеси "кокустук болуп калды, уулубузду кечиргиле" деп келишиптир. Чырактай кызымдан ажырап отуруп, кантип кечирип коюшум керек?! Болгон аракетимди жумшап, анын мыйзам чегинде жазага тартылышын талап кылам", - деди каза болгон кыздын апасы.

Ал эми милиция кызматкери Султан Ормонбеков иниси жол кырсыгына күнөөлүү экенин жана катуу ылдамдыкта келаткан болушу мүмкүн экенин айтып берди.

"Унаа атама катталган. Бирок көпчүлүк учурда мен айдайм. Ошол күнү иним Өзгөндөн Ошко баратканда жолдон 10 жаштагы кызды сүзүп алган. Мен өзүм да милиция кызматкери болгондуктан билем, жай баратып сүзгөндө кыз өлбөй калмак. Саатына 60 же 70 чакырым ылдамдыкта бараткан болушу мүмкүн. Ал эми инимдин жанында биздин бөлүмдө иштеген бала болгон. Жабыркаган кызды ооруканага жеткирүү керек болгондо унааны башкаруусуна туура келген", - деди Ормонбеков.

Кырсыкка күнөөлүү катары шектелип жаткан адам Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттук-медициналык, автотехникалык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
26.10.2017. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Катуу ылдамдыгы 60-70 болсо анда менттер 30-40 м.н айдайт экен да))) кечирип кой менттер минимум 100 м.н айдайт.бул иш аягына чыкпайт крышасы бар экен.кыздын бейишин бере кор.ата энесине сабр
26.10.2017. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жоок соттолбош керек мент болсо, 10 жашар кыз озу кунолуу. Менттердики ак да арты. Менттерге квартиранын ключторун бериш керек. Булар эч законду биринчилерден б9олуп бузушпайт, автону каттуу айдагыны 60 км/саат айдашат. Кечиргиле менттерди, менттердики ак арты жагы.))
26.10.2017. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Artur555, Албетте мент кунолуу, чырылдатып камаш керек бир баштан жжоп бериш керек. Эмнеге ушул кунго чейн тергоо иштери козголбогон? Уголовный Делону ачыш керек.
26.10.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka9393, коомдук этикага туура келбеген билдирүүлөр үчүн 5 күнгө БАН!
26.10.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
СИЗОго кирсе ушул мент жакшы болмок! СИЗОнун закону менен жазаланмак.
26.10.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тергоо иштери журуп жатат имиш качан кылмышкерлер оз жазасын алыгаар экен качан болсо акча берип кутулуп кетмей
26.10.2017. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип оозу мурдун кыйшайбай жалган айтып жатасын?. 60 70 те бараткан деп. Сен жок дегенде 100 до барып ургансын.
26.10.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кокустан болду да. Эртен биз да бироону сузуп алсак шорубуз кайнайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: