super.kg logo
  Саясат  

7 жылдан бери депутат, белгилүү хирургдун иниси, футболчу... Спикерликке сунушталып жаткан Дастан Жумабековдун өмүр баяны

 

Бүгүн, 25-октябрда Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырды. Учурда бул кызматка жалгыз талапкер болуп бараткан "Кыргызстан" фракциясынан депутат Дастан Жумабеков тууралуу маалыматтар көптүн кызыгуусун арттырууда. SUPER.KG анын өмүр баянына кызыгып көрдү.

Дастан Жумабеков 1976-жылы 2-ноябрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Сатыкей айылында туулган. Билими жогору. 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

2002-жылы Кыргыз Республикасындагы түрк компаниясынын "Баямташ ЛТД" өкүлчүлүгүндө коммерциялык директор;

2005-2007-жылдары "КАSI трейнинг" бельгиялык ишканада башкы менеджер;

2007-2009-жылдары "ЯКАД" ЖЧКсында башкы директор;

2009-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин механикалаштырылган көчмө отрядынын башчысы.

Дастан Жумабеков саясатка 2010-жылдан кийин аралаша баштаган. Ал 2010-жылы "Ата-Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган. 2014-жылы май айынан тартып, Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынын лидеринин орун басары болгон. 2015-жылы июнь айында Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынын лидери болуп шайланган.

2015-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору, академик Сабырбек Жумабековдун бир тууган иниси. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

2012-жылы "Супер-Инфо" гезитинин 10 жылдыгына карата уюштурулган футболдук мелдеште депутат Дастан Жумабеков "Жогорку Кеңеш" командасынын намысын коргогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: