super.kg logo

Жаран: "71 жаштагы атамды өнөктөштөрү жалган көрсөтмө менен каматып койду. Сот болсо түздөн-түз тиешеси бар далилдерди кабыл албай жатат"

 

"Фирмада жетекчи болуп турган 71 жаштагы атамды өнөктөштөрү жалган көрсөтмө менен каматып койду. Сот болсо түздөн-түз тиешеси бар далилдерди кабыл албай жатат", - дейт айыпталуучунун баласы Рустам Майсызов. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-октябрда маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда атасы Исмар Майсызов 4 досу менен Бишкекте "Акиф" ЖЧКсын негиздешкен. Кийин 2014-жылы атасы Исмар Майсызов Башкы директор болуп турган учурда анын өнөктөштөрүнүн бири Сергей Фишиков Орусияда бизнес кылууну сунуштап, аягында ал чыгымдарын актабай көп суммадагы каражат жоготушкан. Ал долбоор үчүн атайын инвестор табышып 2 миллион доллардан ашык акча коротушуп, анын үстүнө банктан да насыя алышкан.

"Фишиков Орусиянын жараны болгондуктан Орусиядагы бизнести ал жүргүзгөн. Кийин долбоор өзүн өзү актабай чыгымга учураган соң Фишиков жадакалса кантип бизнес-долбоор жабылып калганын түшүндүрүп берүүдөн, чыгымдарды жабуудан да баш тарткан. Кийин аталган ишти териштирүүнүн натыйжасында Фишиков мурда Орусияда ири суммадагы алдамчылык үчүн 4 жыл абакта отурганы белгилүү болду. Натыйжада алар атамды күнөөлүү кылышып, аталган Орусиядагы долбоордун акчасынын бир бөлүгүн кымырып алган деп каматып коюшту.

Атамдын 3 өнөктөшү биринчи Фишиковго каршы көрсөтмө берип жатышкан, бирок кийин көрсөтмөлөрүн өзгөртүп атама каршы чыгышты. Өнөктөштөрүнүн бири Камчыбек Жээнбеков атамдын ордуна башкы директор болду. Алар атам Кытайга акчаны которуп, ал жактан колуна алып кайра Бишкекке келип жашырып алган деп жатышат. Бирок атамдын Кытайга барганы тууралуу эч бир далил жок", - дейт Рустам Майсызов.

Андан сырткары Исмар Майсызовдун жактоочусу Татьяна Карыжинская сот, тергөөчү тарабынан да анын кардарынын ишине бут тосуу болуп жатканын билдирди.

"Биздин бул ишке тана албай турган видео далилдерибиз турса да сот аны ишке тиркөөдөн баш тартууда. Исмар Майсызовдун өнөктөштөрү учурда аталган фирмага толук ээлик кылып, фирманы карызга батырган чыгымдарды анын моюнуна илип койгулары келип жатат. Аталган Орусиядагы ишке ашпаган бизнес-долбоор да өнөктөштөрүнүн бири Фишиков тарабынан атайын алдамчылык жолу менен акча табуунун бир жолу болгон", - дейт Исмар Майсызовдун жактоочусу.

Андан сырткары Исмар Майсызовдун уулу Рустам Майсызов жогорку бийлик өкүлдөрүнөн чындыкка жетишүүгө жардам сурап жана атасынын карыгандыгын, оорукчандыгын эске алып жок дегенде үй камагына чыгарууга көмөктөшүүлөрүн суранды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.10.2017. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттор дагы олгон экен каарыган маалда турмо эмес балдарынын торундо отура турган убагы экен эле байкуш киши журогум ооруп кетти окуп алып
25.10.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин соттордон "Адилеттик"кутпой эле койуш керек. Акча берсен койнундагы катынын салып берет биздин сотторубуз
26.10.2017. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба адамдар олбой тургандай эле жашап калышты го сотторго соз жок куноолу адамды бошотуп куноосуз адамды камап журо бергиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: