Коомдук ишмер: "Ала качуу" сөзүн лексикадан алып таштап, анын ордуна "зордук" сөзүн колдонууну сунуштайм"




Бишкекте бүгүн, 25-октябрда укук коргоочулардын, тарыхчылардын, социологдордун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда элдин ала качуу темасына болгон мамилесин талкуулаган жыйын өтүүдө.
"Аял судьялардын ассоциациясынын" өкүлү Гүлсана Борончиева Кыргыз өлкөсүндөгү соттор 2012-2015-жылдар аралыгында Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси ("Аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу") боюнча козголгон 46 ишти карап чыкканын айтты.
"2015-жылы 2013, 2014-жылдарга салыштырмалуу кыз ала качуу боюнча эки эсе аз кылмыш иши козголгон. Соттор тарабынан каралган иштердин 28 пайызы Баткен облусуна, 22 пайызы Бишкекке, 17 пайызы Ош облусуна таандык болгон. Ошондой эле ала качууга кабылган кыздардын көпчүлүгү орто билимдүү экендиги белгилүү болгон. 46 кылмыш ишинин 12си жабырлануучу тараптын арызын артка алышына байланыштуу токтотулган. Баарынан кызыгы, гендердик кылмыш жасагандардын 50 пайызы - үй-бүлөлүү эркектер. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, кыз ала качуу кылмышы көбүнчө мектептин алдында, саат 12:00дөн 18:00гө чейин жасалат", - деди ал.
Тегерек столдун жүрүшүндө тарыхчы, коомдук ишмер Назикбек Кыдырмышев: "Биз чогулуп, кайсы бир салтты керек же керек эместигин талкуулап, жокко чыгарууга укугубуз бар. Мен "ала качуу" сөзүн лексикадан алып таштап, ордуна "зордук" сөзүн колдонууну сунуштайм. Ала качуу каада-салт эмес, буга чейин дагы салт деп эсептелген эмес. Биз азыр эч кандай эреже сакталбаган коомдо жашап жатабыз. Ала качуу боюнча мыйзамыбыз бар турганда жаңы регламенттерди кабыл алуу тууралуу ойлонбой, аны сактаганга аракет кылышыбыз керек. Каада-салттар - качандыр бир убакта ойлонуп табылган эрежелер. Алар дайыма алмашып турат. Улуу ойчул Махмуд Кашгаринин "Эл калат, салттар алмашып турат" деген сөзү бар. Ошондуктан биз кийин салтка айланып кете тургандай жаңы эрежелерди ойлоп тапсак болот", - деген пикирин билдирди.


Мисалы: Азоо ат ала качып кетти дегенди азоо ат зордук кылып кетти демек белек!