super.kg logo

Ата салты: "Айланып гана кетейин!" Бул сөздүн мааниси "жанымды берүүгө даярмын" экенин билчү белеңиз?

 

Кыргыз эли байыртан сөзгө өзгөчө маани берип, ар бир сөздү аздектеп келишкен. Сөздүн кандайдыр бир күчү бар экенине да ишенишкен. Мындан улам ага байланыштуу ар кандай ырым-жырымдар келип чыккан. Алардын бири катары апалардын балдарын "айланып гана кетейин" деп эркелеткенин айтсак болот. Чынында бул сөздү баарыбыз эле укканбыз. Бирок эмнеден улам "айланып кетейин" деп айтылып калганын биле бербесек керек.

Филолог Сыртбай Мусаевдин айтымында, "айланып кетейин" деген сөздүн түпкү мааниси "айлан", "тегерен" деген сөзгө барып такалат. Аны көбүнчө улуу кишилер, анын ичинде аялдар балдарга карата жалынып, эркелетип жакшы көргөн сезимин билдирүүдө айтышат.

"Кыргыз өзү жашоо-тиричилигинде бурчу чыккан үйлөрдө жашаган эмес. Ар дайым тегерек болгон жайларда жашаганга аракет кылган. Бурчтарга "ар кандай терс, жаман нерселер топтолот" деген түшүнүк болгон. Балдар бардык жагынан камкордукка муктаж да, кээде ооруп калышат. Ошол учурда апалар "балдарга оору келбесин", "сага келген оору мага келсин" деп боз үйдү айланышкан. Мунун негизги максаты балдарды коргоо, сактоо, ооруну айыктыруу аракети катары карасак болот. "Айланып кетейин" деген сөздүн түпкү маңызы да ошого барып такалат. Ошондой эле бул сөздү апалардын "балдары үчүн жанын берүүгө да даяр" деген да мааниде караса", - дейт Сыртбай Мусаев.

Ошондуктан да "адамды айланба" деп коюшат. Эгерде адамды айлансаң, анда анын оорусу сага оошуп өтөт деп кабыл алышкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.09.2020. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн сонун экен. Ыразычылык сиздерге Супер инфо. Кыргыз дуйносу ото корком, табышмактуу, сырдуу, чындык экенин билип журсок эн сонун болот. Ушул сыяктуу кыргыздардын ырым жырымдарын, урп адаттарын, жашоо философиясын КТРКга окшогон чон ТВлар да байма бай коргозуп турушса жакшы болмок. Жараткандан келген оз тилибизди, ырым жырымдарыбызды жок кылбай кармап калалык. Кыргызда коптогон олуя-пайгамбарлар болуп келген. Ошол пайгамбарлардын жашоо осуятын кагаз беттерине тушуруп,
Tymar түзөттү 2020-09-20 18:32:51
20.09.2020. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tymar, жаштар арасында кенири жайылтсак сонун болоор эле. Кыргыздар дайыма Кудайга туз озубуздун ырым жырымдар аркылуу сыйынып, кыргыз тилинде гана шугурчулук келтирип, Кудайдан бата тилешкен. Албетте кыргыздардын батасын, ырым жырымдарын Жараткан дайыма кабыл алган. Жараткан кыргыздын салт санаасын, батасын дайыма урматтап, туз кабыл алган. Кыргыздарга Кудай озу тандап олуя пайгамбарларды жонотуп турган, тилеке каршы ошоллордун улуу осуятын тирилтип, эл арасына жайылталы
Tymar түзөттү 2020-09-20 18:33:43
21.09.2020. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилекке каршы осуятын тирилтип, эл арасына жайылталы де.
Kattaldym түзөттү 2020-09-21 21:18:43
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: