super.kg logo
  Саясат  

Экс-министр Равшан Сабировдун тарапташтары Ак үйдүн алдында митинг өткөрүүдө

 
Экс-министр Равшан Сабировдун тарапташтары Ак үйдөн алдына нааразычылык акциясыны чыгышты
Экс-министр Равшан Сабировдун тарапташтары Ак үйдөн алдына нааразычылык акциясыны чыгышты
Равшан Сабировдун апасы Анар Сабирова: "Балам дайыма ак иштеген, ал пара алмак эмес" дейт
Равшан Сабировдун тарапташтары
Митингге чыккандар Сабировдун акталып, абактан бошотулушун талап кылышууда
Митингге чыккандар Сабировдун акталып, абактан бошотулушун талап кылышууда
Равшан Сабировдун тарапташтары
Сабировдун тарапташтары ага карата чыгарган Жогорку Соттун чечимине нааразы
Сабировдун тарапташтары ага карата чыгарган Жогорку Соттун чечимине нааразы
Р.Сабировдун апасы, жубайы, балдары...

Бүгүн, 30-майда Жогорку Сот тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун тарапташтары Бишкекте Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Чогулгандардын катарында экс-министрдин апасы, жубайы, балдары, бир туугандары дагы бар. Алардын талабы - Сабировду күнөөсүз деп таап, камактан бошотуу. “Балам дайыма элге жардам берип келген, ал эч качан бирөөдөн пара алмак эмес. Жогорку Сот адилетсиз чечим чыгарды. Мен убагында “Ата Мекен” партиясы үчүн кызмат кылгам, эми ушул партиядан баламды актап берүүгө жардам сурап жатабыз,- дейт Анар Сабирова.  

Эске салсак, Равшан Сабиров 2012-жылы жардамчысы менен “чет өлкөлүк бала багып алуучу уюмдан пара алган” деген шек менен айыпталып келген. Жогорку Сот 23-майда аны 5 жылга эркинен ажыраткан болчу. Ал эми өзүнүн күнөөсүз экендигин айткан экс-министр 26-майда ачкачылык жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: