super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жана Казак премьер-министрлери Арменияда жолугушту

 

Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы Сапар Исаков Ереван шаарында (Армения) Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуп, сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев тар чөйрөдө Кыргыз Республикасы менен Казакстандын биринчи вице-премьер-министрлери башында турган делегациялар менен бирге Жол картасы долбоорун иштеп чыгууну талкуулашты. Андан соң жолугушуу эки тараптан барган расмий делегациялардын катышуусунда кеңири курамда уланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтык жана 48 пункттан турган эки өлкө ортосундагы бардык маселелерди чечүүгө багытталган Жол картасы долбоорун талкуулашты.

Премьер-министрлер тиешелүү министрликтер менен мекемелерге Жол картасы долбоорун ыкчам түрдө аягына чыгарууну тапшырышты.

Белгилей кетсек, эки мамлекеттин өкмөт башчыларынын жолугушуусу Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алдында өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: