СУПЕРСТАН: "Биз үйлөнөрдө жолдошумдун достору "жаш эле кызды алсаң болмок" дешкен"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жубайлардын ортосундагы жаш өзгөчөлүк кандай болуу керек?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Бизде 7 жаш айырма. Мени сыйлайт, эркелетип эмне десем баарын аткарат. Карындашындай эле элестетет, мени менен тең карындашы бар, аябай эрке. Көз тийбесин, бирок чоң болсо сыйлап, бир топ түшүнүктүү болот экен".
"Үй-бүлөдө аял менен эркектин ортосундагы жаш айырмачылык азбы, көппү же экөө теңби, кеп анда эмес. Ар биринин өзүнө тиешелүү оң жана терс жактары бар. Идеалдуу үй-бүлө куруунун, кемчиликсиз бакыт табуунун эч кандай жолу жок. Кээде эл суктанган жубайлардын деле ажырашууга аргасыз болгондору же тескерисинче, алгач бактысыз көрүнгөндөрдүн бара-бара сонун жашап кетип жаткандары эч кимге жаңылык эмес экени талашсыз. Ошондой эле мамиле курууда жаш өзгөчөлүк эч кимге эч кандай тоскоол боло албайт. Таза сүйүү, сый-урмат, туруктуулук, бири-бирин түшүнүү, көтөрүмдүү жана кечиримдүү болуу - бактылуу үй-бүлө куруу үчүн зарыл нерселер мына ушулар".
"Биз үйлөнөрдө жолдошумдун кээ бир достору "жаш эле кызды алсаң болмок, сени "сиз" деп сыйлап турмак" деген экен. Азыр ошол аяштарымдын аялдарын көрсөң эсиң оойт. Бир кыйкырык менен аяшымды бүжүрөтүп коюшат. Жолдошум экөөбүздүн ортобуз 1 жаш. Бири-бирибизге болгон сыйыбыз да, сүйүүбүз да чоң".
"Менин күйөөм жапжаш. Ортодогу жаш роль ойнобойт. Негизгиси бири-бирин сүйсө, сыйласа болду".
"Арабызда 9 жаш айырма. Азыр "мен 1-класска киргенде сиз 11ди бүткөн экенсиз" деп күлүп калам. Жашы бир аз чоң болсо кайра жакшы түшүнөт сыйлайт деп ойлойм. Менин жолдошум ошондой эркелесең да, ыйласаң да, урушсаң да түшүнүп кеңеш берип турат".
Талкууга кошулгуңуз келсе бул жакка кириңиз.



1 |