Райкан Төлөгөновдун иш материалдарына соттук териштирүү бүттү
2010-жылдагы талап-тоноочулукка айыпталып жаткан мурдагы депутат Райкан Төлөгөновдун соттук иш материалдары бүгүн, 25-октябрда Биринчи Май райондук сотунда териштирилип бүттү. Иш материал 31 томдон турат. Сот мындан улам мамлекеттик айыптоочудан жарыш сөзгө чыгуусун өтүндү. Бирок айыпталуучунун жактоочусу Сартбай Жайчибеков жарыш сөзгө чыгууга даярдануу үчүн убакыт берүүнү өтүндү. Сот тараптардын макулдугу менен ишти улантууну 27-октябрга жылдырды.
Эскерте кетсек, Төлөгөновго талап-тоноо фактылары боюнча кылмыш иши ачылып, 2017-жылдын март айында камакка алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.