Президенттик шайлоодо БШКга 1243 арыз түштү



Бүгүн, 25-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 15-октябрда өткөн президенттик шайлоону өткөрүү жана даярдоо мезгилинде БШКга келип түшкөн арыздар боюнча маалымат укту.
Анда шайлоо процессинде 1243 арыз түшкөнү маалымдалды. 102 арыз жумушчу топко келип түшкөн, анын 9у канааттандырылып, 4ү укук коргоо органдарына жиберилген, 15 арыз маалымат каражаттарына байланыштуу болгон. Арыздардын 900дөн ашыгы телефондук чалуулар аркылуу катталган. Отурумда өздөрүн тизмеден таппай калган жарандар да болгону айтылды.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул жолу шайлоодо мурдагы көп кемчиликтер чечилгенин айтты. “Быйыл чоң өзгөрүү болду. Мурда добуш берүүгө катыша албай калса, эч ким жооп бербейт болчу. Учурда атайын топ түзүлгөн. Ошол топ атайын арыздарды кабыл алып, жооп берип иштеп жатты. Телефондук чалуулар боюнча жалган чалуулар да болду. Ар бир түшкөн арыздар боюнча биз жооп берип, иликтөө жүргүздүк”, - деди Шайлдабекова.

