super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар "Бабановдун фракциялашы вице-спикерликтен кетирилет" деген маалыматты төгүндөшүүдө

 

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекованы вице-спикерликтен кетирүү боюнча талкуу болгон жок. Бул тууралуу аталган фракциядан депутат Мирлан Жээнчороев SUPER.KG'ге билдирди. "Өмүрбекова боюнча сөздөр калп, аны алмаштыруу - бул такталбаган маалымат", - деди Жээнчороев.

Ушул эле фракциядан депутат Максат Сабиров дагы мындай маселе каралбаганын белгиледи.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев мындай маселе күн тартибине киргизилбегенин айтты.

Айта кетсек, буга чейин айрым ММКларда "Алтынай Өмүрбекованын ордуна вице-спикерликке “Республика-Ата Журт” фракциясынан Максат Сабировдун же Талант Мамытовдун, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Гүлшат Асылбаеванын, “Ата Мекен” фракциясынан Каныбек Иманалиевдин талапкерликтери көрсөтүлүшү мүмкүн" деген маалыматтар тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: