super.kg logo
  Саясат  

"Казакстан менен Жол картасына кол коюлса да чек ара ачылбайт" дейт экономика министри

 

Бүгүн Кыргыз менен Казакстандын ортосундагы маселелерди чечүүгө багытталган Жол картасына кол коюлган жок. Бул тууралуу журналисттерге Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүк делегация Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу максатында Астанада 5 күн болуп, ар бир мамлекеттик мекеме менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн, жыйынтыгында Жол картасы кабыл алынган.

"Жол картасында кыргыз тараптын милдеттери көбүрөөк болгон, буга карабастан макулдашууга бардык. Муну биз биздин ишкерлердин Казакстандын аймагынан чек ара аркылуу өтүүсүн жеңилдетүү үчүн жасадык. Бирок казак тарап Жол картасына кол коюлса да чек ара ачылбайт жана чек арадан эркин өтүү болбойт деп маалымдаган. Ошондуктан бүгүн Жол картасына кол коюлган жок", - деди Новиков.

"Кыргыз тарап Казакстан менен Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында бар механизмдерди пайдаланып мындан ары сүйлөшүүлөрдү улантат. Жыйынтыгында кандайдыр бир чечимдер кабыл алынат", - деп кошумчалады министр.

Айта кетсек, бүгүн Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы Сапар Исаков Ереван шаарында (Армения) Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуп, сүйлөшүү өткөргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: