super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев "менин күнөөмдү таппасаң, шоруң өзүңө" деди ЖАМКнын төрагасы Зарылбек Рысалиевге

 

Бүгүн, 30-майда ЖКнын жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шер болгондугу туура эмес экендигин айтып чыкты. Айтымында, Болот Шер менен ЖАМКнын төрагасы Зарылбек Рысалиевдин (сүрөттө) ич ара келишпестиктери бар. Өз кезегинде депутат Болот Шер депутаттык комиссиянын иши документтердин негизинде жүргүзүлгөнүн, бул ишке Зарылбек Рысалиев менен болгон жеке мамилесинин эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди. Ал эми депутат Өмүрбек Текебаев Зарылбек Рысалиев 7-апрелде “ата мекенчи” депутаттар бир баланы өлтүрүп, аны ооруканага жеткиришкендиги тууралуу маалымат таратканын айтты. “7-апрелде саат 11лерде жарадар болгондорду менин айдоочум алып барган. Жарадар балдарды ооруканага алып барса, рахмат айтыш керек. Мен ал учурда УКМКда камакта жатсам, кантип өлтүрмөк элем? Бул жалаа логикага дагы сыйбайт. Урматтуу кесиптештер, эгерде Башкы прокуратура менин күнөөм бар экенин далилдесе, анда добуш берип, мени депутаттык кол тийбестигимден ажыратыңыздар. Эгерде күнөөмдү таппасаң, шоруң өзүңө”,-  деди Текебаев ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиевге кайрылып.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: